Haber

Тилдер дисциплинасы циклында өтүлүүчү сабактардын план-иштелмелерин талкуулайт

Тилдер дисциплинасы циклында өтүлүүчү сабактардын план-иштелмелерин талкуулайт ИПКнын Тилдер дисциплинасы циклында сабак өтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Анткени, бул кафедра тейлөөчү кафедра болуп, колледждерге кыргыз тили жана адабиятын, орус тили жана адабиятын, англис тилин окутат. Андыктан, студенттерге тилдерди үйрөтүү аркылуу туура сүйлөөгө, туура жазууга машыктырат. Бул жаатта кафедрада сабак өтүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Өз ара сабакка катышуу, сабактын өтүлүшү, пландалышы, айтор сабакка тиешелүү бардык маселелер көз жаздымында калбайт. Ушул айда эле кафедранын бир нече окутуучуларынын план-иштелмелери талкууланып, усулдук кеңештер берилди. "Биз ар бир өткөн сабакка жоопкерчиликтүү мамиле жасашыбыз керек", - дейт цикл жетекчиси Бактыгүл Байтикова. Албетте, сабагың туура пландалып, натыйжасы жакшы болсо, анда окутуучунун эң мыкты жетишкендиги ошол болот.
495 22:49 22-12-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|