Haber

Сунуш, сын угуу – иштин мазмунун, сапатын арттырат

Сунуш, сын угуу – иштин мазмунун, сапатын арттырат 14.12.20 күнү ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин Тилдер дисциплинасы циклында (кафедрасында) окутуучулардын окуу-усулдук комплекстеринин мазмуну, андагы жыйналган материалдын бүгүнкү күнгө (онлайн окутууга) шайкештиги атайын комиссия тарабынан текшерилип, сунуштар, сын-пикирлер айтылды. Мындай текшерүү окутуучунун усулдук жардам алуусуна, кемчиликтерин оңдоосуна шарт түзөт. Анткени, окуу-усулдук комплексте окутуучунун билим берүүгө багытталган бардык материалдары сакталган. Бөлүм башчы, “Мыкты лектор” сынагынын жеңүүчүсү Самарбек Мамаев ОУКту түзүүдө кандай критерийге таянуу керектигин, аны колдонуу боюнча өз сунуштарын айтып, окутуучуларга өз кеңешин берди. Окутуучулар жаш, бирок тажрыйбасы мол Самарбек Мамаевге ыраазычылык билдиришти.
528 12:59 22-12-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|