Haber

СГД кафедрасы, 30 апрель 2020: СГД кафедрасында "Өлкөнү санариптештирүү шартында жаштардын руханий коопсуздугу” аттуу эл аралык конкурсу улантылды

2020-жылдын 30-апрелинде ОшМУнун 80 жылдыгына жана университеттин илим жумалыгына карата Кыргызстандын түштүк философиялык коомунун студенттер менен жаш окумуштуулардын арасында уюштурулган “Өлкөнү санариптештирүү шартында жаштардын руханий коопсуздугу” аттуу эл аралык конкурсунун cекциялык иши түштүк философия коомунун жетекчиси, ф. и. д., профессор Э. К. Шарипованын жана ф.и.к., доцент Р, А. Ысмаилованын жетекчилиги менен ЭМФнын СГД кафедрасында улантылды. Секциялык иштин жүрүшүндө эл аралык медициа факультетинин студенттери: Prasad Mankar, Sam Prakash, Faizan Siddiqui, Sowjanya Bora өздөрүнүн баяндамаларында өлкөнүн санариптештирүү шартынын жаштарга, жалпы эле адамзатка тийгизген таасирин медициналык жактан илимий талдоого алууга аракет жасаган мыкты даярдыктарын көрсөтө алышты. Жыйынтыгында Кыргызстандын түштүк философиялык коомунун жетекчиси ф. и. д., профессор Э. К. Шарипова секциялык ишти өткөрүүгө активдүү катышкан студенттерге, кафедранын жалпы жамаатына жана СГД кафедрасынын башчысы, ф. и. к., доцент Р. А. Ысмаиловага терең ыраазычылык билдирүү менен мындан аркы илимий иштерине чыгармачылык ийгилик каалап өттү.
1354 10:01 01-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|