Haber

ОшМУда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына байланышкан Эне тил күнү белгиленди

2018-жылдын 21-февралында ОшМУнун чоң актылык залында Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнө жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Ч. Айтматов – дүйнөнүн түркүн тилинде” аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарада кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенттери жана “Билим” лицейинин окуучулары тарабынан даярдалган улуу жазуучунун каармандарынын образдарын чагылдырган көрүнүштөрү чеберчилик менен аткарылып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн көркөм дүйнөгө, аруу сезимге жетеледи. Ал эми дүйнөлүк тилдер жана маданият, теология факультеттеринин студенттери жазуучунун чыгармачылыгын роль аткаруу, көркөм окуу жана слайддар менен бир нече тилде – англис, немец, француз, орус жана түрк тилдеринде даңазалашты. Эл аралык медицина факультетинин студенттери “Жамийла” повестинен үзүндүнү өз тилинде – хинд тилинде аткарып, кыргыз тилинде Сейит менен Илястын монологун айтып кеченин ажарын ачышты. Жалпы композициянын өзөгүн журналист менен Ч.Айтматовдун диалогу түзүп, залкардын залкар ойлору ортого салынды. Уккан-көргөндөрдүн эсинен көпкө чыкпай турган – адамдык, аруулук, сүйүү, тарбия, тилдин түбөлүктүүлүгү тууралуу айтылган идея ийгиликтүү ишке ашты. Аны көрүүчүлөрдүн көпкө чейин кол чаап кетпей турганынан жана ОшМУнун биринчи проректору Расул Авазбектин сүйлөгөн сөзүнөн баамдаса болот. Иш-чаранын биринчи бөлүгү эрте мененки саат 10.00дө көргөзмөдөн башталды. ОшМУнун илимий китепканасынын жана “Зирек” балдар билим билим берүү борборунун кол өнөрчүлүгүнөн даярдалган көргөзмөсү көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырды. Ал эми искусство факультетинин сүрөт көргөзмөсү өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Улуу жазуучунун наам-сыйлыктары бир нече тилде жазылып жасалган макет эл аралык мамилелер факультети тарабынан даярдалып, бир студенттин төрт тилде презентациялашын өзгөчө белгилесе болот. Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин жамааты тарабынан Ч.Айтматовдун даанышман ойлору кийизге саймаланып жазылган паннолор көргөзмөнүн көркүн ачты. Баарыңыздарга чыгармачылык ийгилик каалайбыз.
3048 12:28 22-02-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 >|