Haber

Ош мамлекеттик университетиндеги кафедра башчылары үчүн семинар

2017-жыл 15-декабрда ОшМУдагы кафедра башчылары үчүн семинар уюштурулуп, өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө ОшМУнуна окуу иштери боюнч проректор, саясий илимдеринин кандидаты Авазбек уулу Расул университеттин стратегиялык пландары, максаты жан аларды ишка ашырууд кафедралардын, кафедра башчыларынын маанилүү орда бар экендигин белгилеп, окуу процессин учурдун талабына ылайык уюштурууд кафедра башчылары өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткаруу зарыл экендигин токтолду.

Семинардын программасы боюнча ОИДдин директору Р. Арапбаев "Окуу жараянын кредиттик технологиянын негизинде уюштуруу" деп аталган темада презентация жасады. Презентациянын жүрүшүндө окуу процессин салттуу системадан айрымаланган кредиттик технологиянын негизинде уюштуруудагы маселелер, андагы кафедра башчыларынын милдеттери, функлары жөнүндө баяндама берди. Талкуу учурунда семинардын катышуучулары актуалдуу деп саналган маселелер боюнча өз ойлору менен бөлүшүштү.

Ал Эми АББСДнын ОшМУнун метод кеңешинин координатору А. Султанова "Сапатты камсыздоо жана аккредитацияга даярдык иштеринде кафедранын ролу" деп аталган презентациясында кафедра башчыларынын сапатты камсыздоого багытталган иш аракеттеринде жетекчи катары аларга коюлуучу учурдагы талаптар жөнүндө малымат берди.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулардан анкетирлөө жүргүзүлүп, учурдагы көйгөлүү маселелер, окуу-методикалык ж.б. багыттагы жардамдарга муктаждык жөнүндө маалыматтар топтолду. Ал маалыматтарга ылайык кийинки өткөрүлүүчү семинарлардын темалары, проблемалары аныкталды.

2329 13:33 16-12-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 >|