Haber

ОшМУнун 1-курстагы студенттери үчүн адаптациялык-багыттоочу семинарлардын өткөрүлүүсү боюнча маалымат.

Окуу-информациялык департамент демилгелеген 1-курстун студенттеринин университеттик турмушка жеңил адаптация болушуна багытталган семинар-жолугушуулар атайын түзүлгөн графикке ылайык өткөрүлүүдө. 13-сентябрь күнү МИТ, Чет тилдер, Искусство факультеттеринин жана Конфуций институтунун, 14-сентябрда: Кыргыз филологиясы, Орус филологиясы жана Эл аралык мамиле, 15-сентябрда Тарых, юридика, 16-сентябрда БиМ, ФЮК жана 17-сентябрда Медициналык колледждин 1-курска кабыл алынган студенттери менен семинар болуп өттү.
Семинарлардын жүрүшүндө ОшМУнун структураларынын жетекчи, өкүлдөрү - Окуу-маалыматтык департаментин, китепкана, тышкы байланыш департаменти, Жаштар комитети, Студенттик Акыйкатчы ж.б. студенттерге ОшМУнун миссиясы, AVN маалыматтык системасынын мүмкүнчүлүктөрү ж.б. маселелер боюнча презентацияларды жасашып маалымат берилди.
Семинарга катышкан студенттер өздөрү кызыккан, түшүнбөгөн суроолоруна жооп алышып, семинардын жүрүшү кызуу талкуулар менен коштолуп жатты. Ошондой эле семинарга катышкан ар бир студенттке 1-курстар үчүн даярдалган “Маалыматтык китепчелер” таркатылды. Ал китепчеде ОшМУ жана андагы окуу процесстерине арналган маселелер боюнча студенттер үчүн керек маалыматтар берилген.
4526 16:27 17-09-2016

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|