Объявления

“Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу IV аймактык студенттик илимий конференцияга чакырабыз!

Урматтуу кесиптештер жана студенттер!

Ош мамлекеттик университети 2017-жылдын 29-ноябрында өткөрүлүүчү “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу IV аймактык студенттик илимий конференцияга чакырат.

Конференциянын илимий багыттары

1. Математика, физика, информациялык технологиялар;

2. Табигый, медициналык илимдер;

3. Экономикалык, социалдык илимдер;

4. Коомдук, гуманитардык илимдер;

5. Инженердик-техникалык илимдер.

Конференцияга катышуунун шарттары

1. Макаланын көлөмү 5 беттен кем эмес болуп, текст солдон 2,5 см, оңдон, жогорудан жана төмөндөн 2 см талаа менен Word редакторунда, абзац стандартка ылайык, 12-өлчөмдөгү Тамга-Кит программасында (кыргыз тилиндеги макалалар үчүн), Times New Roman шрифтинде (орус тилиндеги макалалар үчүн), 1,5 сап аралык интервал менен терилүүсү зарыл.

2. Макалада эң жогорку саптын сол жагында УДК, андан кийинки саптын оң жагында автордун (авторлордун) аты-жөнү, окуган жери, электрондук дареги көрсөтүлөт (макаланын темасы жана авторлор тууралуу маалыматтар англис тилинде да берилүүсү керек), андан кийинки сапта макаланын темасы берилет.

3. Макаланын аннотациясы кыргыз, орус, англис тилдеринде 600 белгиден туруп, бир абзацтан ашпоосу зарыл. Макаланын ачкыч сөздөрү кыргыз, орус, англис тилдеринде 6-10 сөз болууга тийиш.

4. Шилтемелер чарчы кашаа түрүндө көрсөтүлөт.

5. Пайдаланылган адабияттардын тизмеси макаланын аягында алфавит тартибинде тизмеленип берилет.

Макаланын автору (авторлору) жөнүндөгү кыскача маалыматтар (курсу, тайпасы, факультети, окуу жайы, телефон номерлери жана илимий жетекчисинин аты-жөнү) башка баракка көрсөтүлөт.

Конференцияга катышуу үчүн макалалар 2017жылдын 5-ноябрына чейин электрондук варианты менен кошо төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

723500, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ленин көчөсү 331,

Ош мамлекеттик университети, 136-каана

Тел.: (03222) 7-43-25, 0779 (0559) 56 29 29, 0776 00 86 89, 0558 70 66 20

Электрондук почта: aspirantura.oshgu@mail.ru

3243 14:06 28-09-2017

                 

Объявления

|< 1 >|