Duyuru

Жаш окумуштуулар мектебинин тренинг-семинарына чакырабыз!

ОшМУнун Илим жана аспирантура бөлүмү аспиранттарды, изденүүчүлөрдү жана илимге талапкерлерди 2016-жылдын 12-13-14-майында ОшМУнун "Ак-Буура" эс алуу борборуна Жаш окумуштуулар мектебинин “Илимий-изилдөө иштеринин методологиясы” деген темадагы 3 күндүк тренинг-семинарына чакырат. Каалоочулар 10-майга чейин факультеттердин декандарынын илимий иштер боюнча орун басарларына же Илим жана аспирантура бөлүмүнө (ОшМУнун башкы имараты, 136-каана, тел.: 7-43-25, 0776 00 86 89, 0558 70 66 20) жазылсаңыздар болот.
3857 12:01 29-04-2016

                 

Duyuru

|< 1 2 3 >|