ОшМУнун ”Ак-Буура” эс алуу борборунда Жаш окумуштуулар мектебинин 3 күндүк жайкы тренинг-семинары өткөрүлдү
16:13
Илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан
9-11-июнда ОшМУнун "Ак-Буура" эс алуу борборунда Жаш окумуштуулар мектебинин 3 күндүк жайкы тренинг-семинары өткөрүлдү. Аспиранттар, магистранттар, изденүүчүлөр жана илимдин жаш тарапкерлери үчүн илимий жана илимий-педагогикалык изилдөөлөр багытындагы бардык иш-аракеттер боюнча баяндамалар жасалып, тренингдер өткөрүлдү. Семинардын катышуучуларына иш-чаранын аягында сертификаттар тапшырылды.
Сабактардан кийин программа боюнча маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулду.
6288 16:13 16-06-2015