Duyuru

Урматтуу чыгармачыл жаштар сиздерди Евразия патенттик уюмунун (ЕАПУ) тарабынан уюштурулган “Келечекке көз караш” Евразия патенттик универсиадасына катышууга чакырабыз.

Евразия патенттик уюмунун (ЕАПУ) тарабынан таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүү жана алардын интеллектуалдык менчик маселелерине болгон кызыкчылыгын арттыруу максатында “Келечекке көз караш” Евразия патенттик универсиадасын өткөрүп жатат. Универсиадага 18-25 жаш курактагы жаштар же чыгармачылык топтор өздөрүнүн иштерин «Болочок жаштардын көзү менен: ойлогон ойдон патентке чейин», («Будущее глазами молодежи: от идеи до патента») өздөрүнүн иштерин же долбоорлорун сунуштай алышат. Бул иш-чара эл аралык мааниде болгондугуна байланыштуу, Сиз жетектеген окуу жайынын чыгармачыл жаштарын “Келечекке көз караш” Евразия патенттик универсиадасы тууралуу академиянын сайтына жайгаштырууга жана студенттерди маалыматтандырууну суранабыз. Мындан сырткары 2019-жылы Кыргызпатент тарабынан ишке ашыруулучу “Эң мыкты инновациялык СТАРТАПП” долбооруна катышууга чакырабыз. Толук маалыматты Кыргызпатенттин (www.patent.kg), Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун (fund.patent.kg) жана Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын сайтынан (gptb.patent.kg) же болбосо интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун кызматкерлери: Тулобердиева Дамира Мукашевна, элек.дарек: damira.tuloberdi@patent.kg; Акжол Доранбек уулу, элек.дарек: d.akjol@patent.kg аркылуу алсаңыздар болот. Сизди терең урматтоо менен, Аткаруучу директор У. Сыдыков
2184 09:50 23-01-2019

                 

Duyuru

|< 1 2 3 >|