Haber

СГД кафедрасы, май 2020: СГД кафедрасында кыргыз тили жана адабияты дисциплинасынан 1-курстардын студенттеринин арасында олимпиада өткөрүлдү.

2020-жылдын 27-майында ЭМФтин СГД кафедрасында кыргыз тили жана адабияты дисциплинасынан 1-курстардын студенттеринин арасында олимпиада өткөрүлдү. Олимпиада дисциплина боюнча алган билимдерин бышыктоо, жыйынтыктоо, мамлекеттик тилди үйрөнүүгө болгон кызыгуусун жогорулатуу максаттарында өткөрүлдү. Олимпиадада эки баскычтан турган тапшырмалар берилди. Биринчи баскычта студенттердин дисциплина боюнча алган билимдери гуглклассрум платформасы аркылуу тест түрүндө текшерилди. Экинчи баскыч зуум режиминде өткөрүлүп, студенттер кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларынан көркөм окуу боюнча күч сынашышты. Олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды. 1-орунга 1инл-21-19-тайпасынын студенти Ифра Найим, 2-орунга 1инл15-19-тайпасынын студенти Жен Жошиба, 3-орунга 1инл-18-19-тайпасынын студенти Иша Ражеш Патилдер ээ болушту.
1027 16:49 12-06-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|