Haber

Мектеп бүтүрүүчүлөрүн кесипке багыттоо жөнүндө меморандумга кол коюлду

Ош шаарынын Эмгек жана Социалдык өнүгүү башкармалыгынын, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, Ош шааарындагы жогорку жайлардын, кесиптик лицейлердин, мамлекеттик жана жеке ишкана мекемелеринин, GIZ кызматташтык коомунун ортосунда мектеп бүтүрүүчүлөрүн кесипке багыттоо жөнүндө меморандумга кол коюлду. Аталган жыйынга жогоруда аты аталган мекемелердин тиешелүү өкүлдөрү, ректорлор, жетекчилер катышышты. Аталган долбоор 2016-жылы башталып, 2023-жылга чейин улантылат. Кызматташуунун жаштар арасындагы кесипке багыттоонун практикалык өнүгүү үчүн иш чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана жайылтуу аркылуу тараптар ортосундагы кызматташууну бекемдөө болуп саналат. Бул меморандумдун алкагында мектеп окуучуларын мектеп жашынан кесипке туура багыт берүү жана окуу жайларын аяктагандан кийин да рыноктун талаптарына ылайык адис даярдап, аларды жумуш менен камсыздоо болуп саналат. Бул багытта жүргүзүлгөн иштерди Карьера борборлору көзөмөлгө алат жана көмөктөшөт.
853 15:11 25-02-2020

                 

Haber

|< 1 >|