Haber

«Математикалык анализ» кафедрасы V илимий-практикалык конференциянын “Математиканын актуалдуу маселелери” аталыштагы 2 секциялык ишин өткөрдү

2020-жылдын 13-майында ОшМУнун Математика жана информациялык технологиялар факультетинде «Математикалык анализ» кафедрасы тарабынан ОшМУнун 80 жылдык мааракесине жана аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, балдарды коргоо жылына арналган “Санарип окутуучу-санарип студент” аттуу эл аралык on-line илимий жумалык жана V илимий-практикалык конференциясынын “Математиканын актуалдуу маселелери” аталыштагы 2 секциялык иши өткөрүлдү. Куттуктоо сөздөрдү айтып, конференциянын ишине ийгиликтерди каалап, математика илиминин актуалдуу маселелери менен угуучуларды тааныштыруу менен “Жогорку математика” кафедрасынын доценти, ф.-м.и.к., доцент Мамаюсупов М.Ш. “Математика сабактарын чөйрө таануу жана кесиптерди өздөштүрүү каражаты катарында окутуу боюнча жүргүзүлгөн илимий -усулдук тажрыйбалардын жыйынтыктары”, ЖаМУнун Жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент Мурзабаева Айтбү Бусурманкуловна «Представление решений сингулярно возмущенных обыкновенных дифференциальных уравнений на линиях» темадагы баяндамаларды жасашты. Ал эми студенттербиз дагы чыгармачылык мамиле жасоо менен секциялык ишке активдүү катышып беришти. ЖАМУнун 2-курсунун студенти Кыдыралиева Айжамал Белековна – «Көп өзгөрмөлүү функциялардын жекече туундулары»; Мусаева Турсунай – «Туундунун колдонуштары» (ИСТ(б)-3-19Р тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Камбарова А.); Сыдыкова Бегимай – «Дифференциальдык тендемлерге келтируучу айрым физикалык маселелер» (ПМИ(б)-1-16 тайпасы, жетекчиси: доцент Тойгонбаева А.К.); Камчыбекова Феруза – «Адамдын жүрөгүнүн иштөө мөөнөтүндө аортадагы кандын басымынын өзгөрүү мыйзамынын математикалык моделдин жардамында изилдөө» (ПМИ(б)-2-16Р тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Акматов А.А.); Байыш уулу Ибрагим – «Лагранждын жана Клеронун теңдемелеринин колдонуштары» (ИЗ(б)-1-19 тайпасы, жетекчиси: улук окут. Абдилазизова Б); Асранова Динара – «Медицинада математиканын мааниси» (ЛБ-1-19 тайпасы, жетекчиси: доцент Кедейбаева Д.А.); Темирова Ш.Ш. – «“Математика 6” (С. К. Кыдыралиев., А. Б. Урдалетова., Г. М. Дайырбекова) окуу китебинде окутулуучу материалдардын дидактикалык талаптарга шайкеш келүүсү» (ФМ0-1-19 тайпасы, жетекчиси: доцент Мамаюсупов М.Ш.); Мамыргазы кызы Кайыргүл – «Живая математика. 7 класс” (С. К. Кыдыралиев, А. Б. Урдалетова) окуу китебинде турмуштук маселелерди эсептелип табылган даяр формула-моделдер менен бирге графиктер аркылуу координаттык тегиздикте моделдештирип аралаш чыгаруу усулун артыкчылыктары» (ФМ0-1-19 тайпасы, жетекчиси: доцент Мамаюсупов М.Ш.); Кылычбек уулу Ырыскелди – «Герондун формуласынын колдонулушу» (ПГ-1-19 тайпасы, жетекчиси: окутуучу Жолдошбаев М.П.); Абдыгапар кызы Адина – «Maple пакетинде сызыктуу тендемелер системасын чыгаруу» (МО-2-19 тайпасы, жетекчиси: доцент Мамазияева Э.А) студенттерибиздин баяндамалары угулду. Бардык баяндамачылардын баяндамалары угулуп байгелүү орундардын ээлери аныкталды. Секциялык иштин жыйынтыгы МК(б)-1-18 жана МК(б)-1-17 тайпаларынын арасында“Математика илимдердин ханышасы”аталышындагы мелдеш оюну менен аяктады. Командалык жарышта эки тайпа бирдей упайларга ээ болуп, эки тайпа тең жеңүүчү деп табылды.
814 15:16 27-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 >|