Haber

Математика жана информациялык технологиялар факультетинде 2018-жылдын 25-27-апрель күндөрү илим жумалыгы өткөрүлдү

Математика жана информациялык технологиялар факультетинде 2018-жылдын 25-27-апрель күндөрү илим жумалыгы өткөрүлдү. 25-апрелде Илим жумалыгынын жана “Математиканын, информатиканын учурдагы маселе-лери жана алардын колдону-луштары” аттуу III илимий конференциянын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Пленардык баяндамалар угулгандан кийин секциялык иштер башталды. II секция. Математиканын актуалдуу маселелери (302-ауд.) Бөлүм башчысы: Сопуев Улан Адахимжанович – ф.-м.и.к., доцент, жогорку математика кафедрасынын башчысы; катчысы: Мурзабекова Асел – матанализ кафедрасынын улук лаборанты. Бул секцияда 30 баяндама жасалды, алардын ичинен төмөнкү докладдар Математикалык анализ кафедрасынын окутуучулары жетекчилик жасашты. 1. Адилжанова Сурае – “Өзгөрүлмө коэффициенттүү сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдеменин чечимин изилдөө”(ПМИ(б)-2-16Р тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Акматов Азиз); 2. Дүйшөнбай кызы Жеңишгүл – “Сингулярдык козголгон маселенин чечиминин асимптотикалык ажыралышы”(ПМИ(б)-2-16Р тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Акматов Азиз); 3. Камчыбек кызы Феруза – “Сингулярдык козголгон өзгөрүлмө коэффициентүү экинчи тартиптеги сызыктуу бир тектүү дифференциалдык теңдеменин чечимин жалгаштыруу усулунун жардамында изилдөө”( ПМИ(б)-2-16Р тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Акматов Азиз); 4. Кубанычбек кызы Жумагүл – “Жалгаштыруу усулун колдонуу менен сингулярдык козголгон дифференциалдык теӊдеменин чечимин изилдөө” ”(ПМИ(б)-2-16Р тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Акматов Азиз); 5. Мидин кызы Кундуз – “Сингулярдык козголгон өзгөрүлмө коэффициенттүү экинчи тартиптеги сызыктуу бир тектүү дифференциалдык теңдеменин чечимин чек рарлык катмар усулунун жардамында изилдөө” (ПМИ(б)-2-16Р тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Акматов Азиз); 6. Расулбек кызы Жанаргүл – “Алсыз өзгөчө чекитке ээ болгон сингулярдык козголгон дифференциалдык тендеменин чечимин изилдөө” (ПМИ(б)-2-16Р тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Акматов Азиз); 7. Худайбердиева Уулжан – “Курама ажыралмалар усулунун жардамында сингулярдык козголгон маселенин чечимин изилдөө” (ПМИ(б)-2-16Р тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Акматов Азиз); 8. Токтобаева Зуура – “Чек аралык катмар усулун колдонуп сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдеменин чечимин изилдөө” (ПМИ(б)-2-16Р тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Акматов Азиз); 9. Расулбек кызы Жанаргүл, Худайбердиева Уулжан – “Приложения двойных интегралов”(ПМИ(б)-2-16Р тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Камбарова А.Д.); 10. Кубанычбек кызы Жумагүл – “Применение определенного интеграла” (ПМИ(б)-2-16Р тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Камбарова А.Д.).
643 13:08 27-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 >|