Haber

"Кара-Суу" гимназиясында жаз майрамы

19-март күнү "Кара-Суу" гимназиясында жаз майрамы белгиленди. Майрамдык кече "Сармерден" кыз-жигиттер жарышы, улуттук оюндар, улуттук тамак-аш көргөзмөлөрү менен коштолду. Иш-чарага Ош МУнун инвестициялар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору Жанболот Жанышович, Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директору Ташболот Абдыкайымович жана университетибиздин лицей-гимназияларынын директорлору конок болушту. Майрамдык программадан сырткары гимназиянын директору Нурсултан Кубанычбек уулу келген конокторго, ата-энелерге мектептин имаратын, ийгиликтери, жетишкендиктери, артыкчылыктары менен тааныштырды.
350 10:55 20-03-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|