Haber

Ыйман гимназиясында жаш ойлоп табуучулар жумалыгы

ОшМУнун «Ыйман» гимназиясында 24-29-фераль жаш ойлоп табуучулар жумалыгы деп жарыяланды.Аталган жумалык ичинде окуучуларды ойлоп тапкычтыкка, билим алууга үндөгөн иш чаралар өткөрүлдү. 27-февраль 11 «а» классынын окуучусу Абдыманап уулу Бийалым аталган жумалыктын алкагында 8 «а» класска «Дүйнөнү өзгөрткөн ойлоп табуучулар» деген темада сабак өтүп берди. Ал эми жумалыктын өзгөчө бүйүр кызыткан иш чараларынын бири жуманын аягында 8-11 класстар арасында өткөрүлгөн «Макет жасоо» сынагы болду.Окуучулар өздөрүнүн фантазиясы жана чыгармачылыгы менен жасаган макеттер мугалимдерден түзүлгөн калыстар тобу тарабынан бааланып, жеңүүчү деп табылган класстар жана ойлоп тапкычтыгы менен өзгөчөлөнгөн окуучулар кызыктыруучу белектер, мактоо баракчалары менен сыйланды. Макетти жасоодо окуучулардын колдонгон чеберчилиги чыгармачылык фантазиясы жана тактыгы каралып 10 «б» класс I, 11 «б» классII, 9 «класс» III орундарды камсыздап, жасаган эмгектери «мыкты» деп табылды.
879 15:15 05-03-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|