Haber

№7-окуу корпусунда 2018-жылы аткарылган иштер боюнча маалымат баяндама.

ОшМУнун административдик - чарба департаментинин коменданты тарабынан 2018-жылда аткарылган жумуштары боюнча маалымат. Окуу корпус (жатаканалар)боюнча маалымат. Корпус( жатакана) аталышы № 7- окуу корпусу Комендант Боронбаев Бакыт Ажимаматович Байланыш номери 0773254454, 0755731393 Отчеттук мезгил 1 жылдык I БӨЛҮМ. ЖЕТИШКЕНДИКТЕР. (Ар бир айга аткарылган иштер боюнча баяндап жазыңыз) № Аткаруу убагы Жазуу баяндамасы 1 Январь Зирек билим берүү борборунун имаратында кээ бир жерлеринде карангы болгондуктан светильник люминцентный орнотулду. Ашканага эки даана, идиш жуучу канасына бир даана,кире бериштеги фойесине эки даана, биринчи кабатынын коридоруна эки даана, жана экинчи кабатынын коридоруна бир даана коюлду.Ошондой эле щиттеги автоматтар кызып жараксыз абалга келгендиктен 12 даана автомат 63А алмашылды. Ашкананын 4 комфортный печкасынын эки көзү күйүп калгандыктан аларды алмаштырып жана жаңы 4 көздүү плитасынын 3 көзү жаңыланды. Атайын идиш аяк жуучу каана ачылып эки даана аристон, эки даана раковина смесительдери менен орнотулду. Окуучуларга тамак учурунда идиш аяк жетишсиз болгондуктан аларга 70 даана жайык табак, 70 даана чункур табак, 70 даана кружка , 4 даана идиш аяк кургатуучу сетка менен камсыз кылынды. Мугалимдер үчүн атайын метод кабинет, кол өнөрчүлөр каанасы, менталдык арифметика кааналары ачылып, аларды ремонттон өткөрдүк. Имараттын ичиндеги ажатканалардын 8 даана бачоктору алмашылды жана канализация түтүкчөсү толуп калгандыктан аларды тазалап түзөлдү. 2 Февраль № 10 корпусунун сырткы тосмолорунун кээ бир жерлери сынып жана жатып калгандыктан аларды ондоп -түзөп кызыл жана көк сыр менен сырдадык. Сырткы ажаткананын суу агызуучу төрт даана бачоктору сууну кармабай калгандыктан аларды жаңы бачокторго жана эки даана винтельдери алмашылды. Балдар ойноочу эки даана селкинчектердин олтургучу сынып калгандыктан аларды ширетип, балдар олтуруучу, түшүүчү горканын кармап чыгуучу трубасын ширетип түзөдүк жана аларды сырдадык. 3 Март Жаз айынын келиши менен бак дарактарды жана 6 даана арчаларга кантовкалоо иштерин жүргүздүк. Суу агуучу арыктар тазаланып, жерлер жумшартылып турдуу, гүлдөр олтургузулду жана изгородторду суюлтулуп кыскартырылды. Ар ишемби күндөрү ишембиликтерди өткөрүп корпустун багы жана короосу тазаланып турду. 4 Апрель № 10 окуу корпусу техникалык жана өрт коопсуздугун алдын алуу үчүн электр зымдары текшерилип, кааналардагы ашыкча электр зымдары алынып керектүүсүн кабельный канал менен бекитилди.Техникалык коопсуздуктан өткөрүлдү жана өрт коопсуздугу үчүн давлениясы түшүп калган өрт өчурүүчү шаймандар толтурулуп келинди. Кошумча чыгуучу эшиктер ачылып анын ачкычтары кутучага салынды. 5 Май № 7 - окуу корпусунун жол жактагы биринчи жана экинчи кабаттарынын айнек терезелери эскилиги жеткендигине байланыштуу аларды жаңы заманбап 45,885 м2 темир пластикалык айнек терезелерге алмаштырылды. Окуу корпусунун чоң концерттик залынын сахнасынын жана кире беришиндеги полдору сырдалды жана жабылып калган кошумча эшиктери ачылды. Өрт коопсуздугу үчүн өрт өчүрүүчү шаймандар жараксыз болуп калгандыктан жаңы алмаштырдык. Окуу корпусунун биринчи, экинчи кабатынын коридорлорун 351,60 м2 жери акталып дубалы 70 м2 жерин сырдадык. Ошондой эле биринчи жана экинчи кабатка чыгуучу тепкичтерди сырдап, дубалдарынын көчкөн жерлерин шпаклевка тартып акталды. Биринчи кабаттындагы кошумча чыгуу эшиктин фойеси окуу кабинетке айлангандыктан түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кабинетти жойдуруп , кошумча чыгуучу эшигин ачтырдык. Чатырларды жана ар бир кааналар текшерилип ашыкча сыртка чыгып жаткан электр зымдарды алынып керектүүсүн кабель каналга олтургуздук. Коридорлордогу жанбай калган жарык берүүчү лампаларды алмаштырып жарыктык менен камсыз кылынды. Кааналардын кулпулары бузулгандыгына байланыштуу жаңы он даана кулпу салынды. Техникалык жана өрт коопсуздук түшүндүрүү иштерин жүргүзүп төрт даана банер алып келинип илинди. Окуу корпусунун кире беришинде өрт өчүрүүчү гидрант жайгашкандыктан ага өрткө каршы щит орнотулду.Винтели эски болгондуктан аны жаңы винтельге алмаштырдык. Окуу корпусунун ажатканасынын суу агызуучу алты даана бачоктору иштебей калганына байланыштуу аларды жаңы бачокторго алмаштырдык. 6 Июнь Кышкысын жылуулук берүүчү регистрлерге кир толуп суу айлануусу басандаганына байланыштуу аларды тазалап, задвижкаларын текшерүүдөн өткөрдүк. Концерттик залдын олтургучтары эскилиги жетип кээ бир олтургучтары сынып калгандыктан олтургучтарды ондоп түзөлдү. Искусство факультетинин кызматкерлери жаны салынган окуу корпусуна көчүп кеткендигине байланыштуу алардан калган керексиз буюмдарды жана таштандыларды чыгарып тазалоо иштери жүрүп жатты. 7 Июль Кино академия окуу корпусунун 290 м2 дубалы пигмент менен сырдалды жана ички тарабы шпаклевка менен түздөлүп 518 м2 акталды. 80м2 полдору, айнек- терезелери, эшиги жана регистрлери сырдалды. Эскилиги жеткен люстралары алынып светодиодная лампалар тагылды. Концерттик залдын ичи акталып полу сырдалды. Кезектеги ремонт ишитеринде 33 даана стол приставка, 82 даана студентик блок, 9 даана стол 1 тумбовый, 5 даана стол 2 х тумбовый, 58 даана стул полумягкий, 102 даана стул ученический, 17 даана доска аудиторная оңдоп түзөп сырдалды. 8 Август Алгачкы август айында имараттын тамбашына жана академия окуу корпусунун алдына узундугу 8 метрлик байрак илгич орнотулду. 47 даана стул форумдар жана концерттик залдагы коп жылдардан бери илинип турган занавескалар жуулду. Окуу корпусунун жыгач айнек терезелери алынып 61,18 м2 темир пластикалык айнек терезелери коюлду. Окуу корпустун алдындагы 6 грандуу скамейкалары жаныланды жана сырдалды. Изгороддор жана арчалар кыскартылды. Кире бериштеги башкы дарбаза сырдалды. 9 Сентябрь Окуу корпусунун кааналарына жана коридорлоруна 64 даана светодиодная лампалары тагылды, 20 даана розетканын коробкасы, 50 даана розеткалар, 50 даана включательдер алмашылды, 102 даана жаңы студенттик блок , 25 даана доска маркерная алып келинип жана сырдалган мебельдерди ар бир кааналарга алып кирип жайгаштырылды. Имраттын биринчи жана экинчи кабатка чыга турган тепкичтери фойеси жана үч кабинеттердин полдору сырдалды. 60 метр телефон зымдары тартылып декандын, секратарь жана кафедрасына телефондор киргизилди.12 даана эшиктин кулпулары жаныланды. Жаңы окуу жылына карата жууп тазалоо иштери жүрдү. 10 Октябрь Окуу корпусунун тамбашынан суу түшүүчү сливтери орнотулду. Жылуулук берүүчү түтүкчөлөр текшерилди жана циркуляциясын жакшыртуу максатында кошумча аба чыгаруучу винтель орнотулду. Күн сайын имараттын тазалыгы каралууда. 11 Ноябрь Изгороддорду кыскартылып, гүлдөр алып салынып жерлер жумшартылып жазга даяргерчилик болууда. Мугалимдерге жана студенттерге жетишпеген мебельдерди ашыкча болгон кабинеттерден алып камсыздап берилүүдө. 12 Декабрь Биринчи жана экинчи кабаттардагы эшиктерине кулпулар салынды жана күйүп калган розеткалары алмаштырылды. Электр эсептегич жаңыланды. Күн сайын имараттын тазалыгы жана коопсуздугу көзөмөлдөнүүдө II БӨЛҮМ. КӨЙГӨЙЛӨР.(Иш учурунда кандай көйгөйлөргө кезиктиңиз жана сиз аны кантип чечтиңиз?) № Убагы (айы) Көйгөйлөрдү кантип чечтиңиз? 1 Январь Кыш мезгили болгондуктан студенттер үшүп калбасын деп мугалимдер печка сайып алышып, розеткалар күйүп калчу, аларга борбордук жылыткыч системасы иштеп жаткандыгын түшүндүрүп сайган печкаларын алынып жатты. 2 Февраль Көйгөй болгон жок 3 Март Жаз мезгили келип билим берүү борборунун жанында Ош тазалык мекемесинин таштандыларды таштоочу урнасы жайгашкандыктан кароосуз калган көчө иттер көбөйүп билим берүү борборунун багына чейин кирип келип жаш балдарды коркутканга чейин барышкан. Ош тазалык мекемесине кат жүзүндө кайрылып ит атарды чакырып кароосуз калган көчө иттерин аттырып жок кылынды. 4 Апрель Көйгөй болгон жок 5 Май Көйгөй болгон жок 6 Июнь № 7 окуу корпусунда Рыспай Абдыкадыров атындагы музей жайгашкандыктан, аны жаны окуу корпуска көчүрүү башкача айтканда жаны окуу корпуста атайын музей каанасы каралбагандыктан аны көчүрүү маселеси кыйын болуп турат, ремонт иштери токтоп турат. III БӨЛҮМ. АЛДЫДА АТКАРЫЛУУЧУ ИШТЕРДИ БАЯНДАП ЖАЗЫҢЫЗ. 1 Суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткен, аларды жаңылоо жана суу эсептегич приборун орнотуу. 2 Имаратка киребериштеги козерогдун шыйпырын алмаштыруу 3 Кино академия корпусунун бет мандайындагы фонерасын алмаштыруу. 4 Окуу корпусунун фасадын сырдоо 5 IV БӨЛҮМ. СУНУШ-ПИКИРЛЕР. 1 Искусство факультетинен калган станоктор бекер турат, аларды ОшМУ нун эмеректерди жасоо цехине өткөрүп берилсе эмеректерди жасоо бир аз болсо да жеңилдик болоор беле деген ой. V БӨЛҮМ. CҮРӨТ(аткарылган иштер боюнча сүрөт тиркелсин). Отчет түзүлдү Түзүлгөн датасы: ___14.12. 2018ж____________________ (Аты жана фамилиясы) Отчетту түзгөн: Боронбаев Бакытбек Ажимаматович__________________________ (Колу) ____________________________________________
1268 14:32 14-12-2018

                 

Haber

|< 1 >|