Haber

Окутуучулар практиканттардан кабар алып кайтышты

Жарандык укук жана процесси кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу, юридика илимдеринин кандидаты Парайдин уулу Шайлообек жана кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасынын окутуучусу Бегалиев Эдил "Юриспруденция" багыты боюнча окуган 4-курстарынын студенттеринин практикаларынан кабар алып келишти. Жогоруда аты аталган практика жетекчилери Ош облустук жана Ош шаардык Юстиция башкармалыгында, Ош шаардык сотуна барып студенттердин практика өтөөсү боюнча маалыматтарды алып кайтышты. Укук коргоо органдарынын жетекчилиги менен жолугушуп, ой-пикир, сунуштарды угуп кайтышты.
990 18:39 26-02-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|