Haber

3-март семинар

2018-жылдын 3-март күнү “Магистратуранын учурдагы абалы жана келечеги” деген темадагы семинарга жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушууга өттү. Бул жолугушуу тарых факультетинин магистратура бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы, б.и.д., профессор Жумабаева Т.Т. катышып ИРБИС-64 системасынын программасы боюнча кенен маалымат берди. Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын башчысы, т.и.к., профессор Кадыров Т.Д. Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Ташмаматов Ө.А. т.и.к., профессор Адилбаев Ж. агайлар да магистранттарга илимий изилдөөдөгү бир топ кеңештерин беришти. Семинардын жүрүшүндө тарых факультетинин деканы т.и.к., доцент Смадияров С.А. “Социалдык-экономикалык билим берүү багытындагы магистрдик программанын негизги билим берүү программасынынын маңызы жана багыттары” Ноокат районундагы Кожоке мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Атаканова Н.Э “Мектеп программасы менен Социалдык-экономикалык билим берүү багытындагы магистрдик программанын дал келүүчүлүгү” деген кызыктуу баяндамаларды жасашып магистранттар менен кызуу талкуу жүрдү.
1827 12:11 14-04-2018

                 

Haber

|< 1 >|