Haber

Кыздардын гигиенасы

Жолугушуу кезеги 4-а,б жатаканаларында болуп өттү."Кыздардын өздүк гигиенасы" темасындагы жолугушууга акушерство жана гинекология кафедрасынын доценти Ташиева Гулбара эжеке келип, студенттерге кызыктуу маек куруп берди. Студенттер менен катар медфактын аялдар кеңеши Касиева Гулсара эжеке, орус филологиясы факультетинин аялдар кеңеши Токурова Чынара эжеке, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин аялдар кеңеши Алпаизова Бусадат эжеке, педфактын аялдар кеңеши Жумалиева Бегимай эжекелер акырына чейин катышышты. Студенттер өтө активдүү катышып, кызыккан суроолоруна жооп алышты.
2682 17:18 14-05-2018

                 

Haber

|< 1 2 >|