News

Токтогул адилеттүүлүктүн жана эркиндиктин акыны

Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинде дүйнөлүк адабияттар кафедрасы тарабынан Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааркесине карата “Адилеттүүлүктүн жана эркиндиктин акыны” деген аталыштагы тетрлаштырылган адабий –музыкалык кече болуп өттү.

Кечеге Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан окутуучулар, студенттер, адабият изилдөөчүлөр катышышты.

Кыргыздын залкар акыны, комузчусу Токтогул Сатылгановдун өмүрү, чыгармачылыгы, Арзымат менен болгон айтышы, Алымканга болгон сүйүүсү, анын чыгармачылыгында апасынын тийгизген таасири боюнча дүйнөлүк адабияттар кафедарасынын базасында чыгармачыл студенттерден түзүлгөн “Сенин мүмкүнчүлүгүн” адабий ийриминин катышуучулары тарабынан сахналык көрүнүштөр көрсөтүлүп, конок катары катышышкан Ош шаарындагы “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун жаш комузчулары тарабынан акындын түбөлүктүү күүлөрү чертилип, ОшМУнун теология факультетинин студенттери тарабынан акындын түрк тилине которулган чыгармалары аткарылды.

“Бүгүнкү күндө залкар акынбыз Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгы бир гана Кыргызстанда эмес, бүткүл Түрк өлкөлөрүндө белгиленип жатат. Биз да бул иш чаралардан четте калбай бир топ иштерди жасоону максат кылып алганбыз. Бүгүнкү кечебиздин негизги максаты студенттерди адабият дүйнөсүнө тартуу, башка окуу жайлардагы чыгармачыл жаштар менен байланыш куруу, “Сенин мүмкүнчүлүгүн” адабий ийриминин катышуучуларынын чыгармачылыгын тартуулоо, эң негизгиси Т.Сатылгановдун чыгармачылыгын жаш муундарга жеткирүү болуп саналат”, -деди кеченин уюштуруучусу дүйнөлүк адабияттар кафедрасынын башчысы Дамира Асанова.

Белгилей кетсек, ОшМУда Т.Сатылгановдун чыгармачылыгына арналаган кечелер, конференциялар бардык факультеттерде уюштурулууда.

11943 10:19 30-04-2014

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|