News

ОшМУда ден соолукту чындоого багыттталган иштер уланууда

Ош мамлекеттик университетинин №1, №2, №3 жатаканаларында модернизациялоо багытында иштер жүрүп, жыйынтыгында аталган жатаканалардын фассады жаңыланып, арча көчөттөрү отургузулуп, заманбап машыгуучу залдар, сыртта эс алып отурууга ылайыкташкан жаңы орундуктар менен толукталды.

“Жатаканаларда жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышуу үчүн барган ОшМУнун ректорат жамааты алгач “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына” карата улуттук баалуулуктарды даңазалоо максатында ОшМУнун жатаканаларынын ортосунда өткөрүлгөн улуттук даамдар, улуттук буюмдар боюнча “Студенттик улуттук даамдар” көргөзмөсүнө күбө болушту”,- деди ОшМУнун жатаканалар боюнча башкы адиси Ж. Элболдуев.

Ошондой эле студенттер үчүн жагымдуу жаңылык болгон №2 жатаканада жайгашкан “Кырк чоро” студенттик машыгуу залы ачылды, зал эки бөлүктөн туруп, анда спортко кызыккан студент мырзалар үчүн машыгуу залы жана кыздар үчүн фитнес зал жайгашкан. Ден соолугу үчүн кам көргөн жаштар үчүн бардык шарттары түзүлүп, спорттук инвентарлар менен толук камсыздалган. Эми мындан ары ОшМУнун студенттери сабактан кийин ден соолугун чыңдоого өзгөчө шарт жаралды.

Ал эми студенттердин ден соолугуна кам көрүп келген “ОшМУнун профилакториясы” толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, дарылоочу кааналары кошумча медициналык жабдыктар менен жабдылып, сырттан келген конок мугалимдер үчүн толук шарттары бар 2 мейманкана бөлмөлөрү ишке киргизилди.

Аталган жаңылоо иштерин демилге көтөрүп, колдоп жаткан ОшМУнун жетекчилиги максатыбыз студенттерибиздин дени сак, ден соолугу чың, акылы тунук, тарбиясы бийик болуусу үчүн кам көрүү болуп саналарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин университеттин башкы корпусунда окутуучулар үчүн “Ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борбору” ачылган болчу.

Фото: Р.Максытовдуку

11414 17:23 28-04-2014

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|