News

ОшМУнун теология факультети «Кыргызстанда дин жана жаштар» темасындагы конференция уюштурду

Ош мамлекеттик университетинде Пайгамбардын туулган күнүнө арналган “Куттуу жумалык» аземи болду. ОшМУнун теология факультети тарабынан «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына» жана теология факультетинин 20 жылдыгына карата уюштурулган «Куттуу жумалыкта» «Кыргызстанда дин жана жаштар» деген темада студенттик илимий-практикалык конференция болуп, ага ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, Дин комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Курбанали Узаков, ОшМУнун теология факультетинин деканы Самаган Мырзаибраимов жана башка бир топ илимпоздор, окутуучулар, студенттер катышышты. Конференцияда мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө диндин орду, ислам дининин социалдык-экономикалык жашоодогу ролу жана жаштардын арасында динге байланышкан маселелер илимий макалаларда айтылып, талкууланды. Ошондой эле куттуу жумалыкка карата уюштурулган ыр жазуу, Куран окуу, Хутба жана Хадис жаттоо конкурстарынын жеңүүчүлөрүнө, мыкты баяндамаларга сыйлыктар, сертификаттар тапшырылды. «Иш-чараны уюштуруунун негизги максаты – өлкөдөгү динге байланышкан маселелерде студент жаштардын пикир алмашуусу менен илимий көз караштарын өстүрүү, дин жөнүндө туура маалыматты жайылтуу, жаштардын диний радикалдык жана экстремисттик агымдарга кирип кетүүсүн алдын алуу болуп эсептелет», -дейт ОшМУнун теология факультетинин илимий иштер боюнча декандын орун басары Сайфулла Базаркулов. Белгилей кетсек, жумалыктын алкагында теология факультетинин окутуучулары тарабынан ОшТУ, ОГПИнин студенттери үчүн семинарлар, теология факультетинде «Инсан тарбиясы жана сүнөттүн универсалдуулугу» деген аталышта студенттик илимий-практикалык конференция, ыр жазуу, Куран окуу, Хутба жана Хадис жаттоо конкурстары, Ош шаарынын тургандары арасында Азирети Мухаммедге (с.а.в.) арналган поэзия конкурстары сыяктуу бир нече иш-чаралар өткөрүлгөн. Кутуу жумалык теология факультети тарабынан 1998-жылдан бери апрель айында белгиленип, салтка айланып уюштурулуп келет. Жыйынтыгында уюштуруучулар тарабынан студенттерге ысык тамак берилди. Фото: Р.Максытовдуку
14140 16:32 25-04-2014

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|