News

Ош мамлекеттик университетинде ишембиликтер башталды

Ош шаарынын аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында Ош шаардык мэриясынын токтомуна ылайык ОшМУнун ректору, профессор К.Исаковдун буйругу менен “Жазгы эки айлык” жарыяланды. Буйрукка ылайык үстүбүздөгү жылдын 15-мартынан 15-майына чейинки аралыкта университеттин бардык окуу имараттарында, жатаканаларында жана шаардын аймагын жакшыртуу, санитардык тазалыгын сактоо, көрктөндүрүү боюнча жума сайын ишембиликтердин өткөрүлүп туруусу тарбия департаменти тарабынан көзөмөлдөнөт. Ошондой эле Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээктерин, Сулайман тоонун айланасын тазалоо иштери да жүргүзүлөт. Бул багытта ОшМУнун медицина факультетинде 14-март күнү ишембилик уюштурулду. Ишембиликке ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков баш болгон ректорат жамааты, медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамы, студенттери, чарба департаментинин кызматкерлери катышты. “Ишембиликтин алкагында ОшМУнун медицина факультетинин базасында курулуп жаткан клиниканы көрктөндүрүү багытында клиниканын алдына тротуар схемасы чийилип, айлана тегереги тазаланып, жакшы ниеттер айтылып, атайын алынып келинген 145 можжовельник арча көчөттөрү отургузулду. Ошондой эле университеттин бардык окуу имараттарында, жатаканаларында ушундай көрктөндүрүү, тазалоо иштери жүрүп жатат”-деди административдик-чарба иштери боюнча проректору Алтынбек Зайнидинов. Белгилей кетсек, келечекте окуу-лабораториялык база катары пайдаланууга жана 250 орундуу бейтаптарды дарылоого ылайыкташтырылган клиника 4 кабатка ылайыкташкан болсо, бүгүнкү күндө анын экинчи кабатын тургузуу иштери аяктап калган учуру жана 2014-жылдын октябрь айына кулуш иши бүтүп, колдонууга берилет.

Фото: Р.Максытовдуку

5397 15:45 14-03-2014

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|