News

Индиянын Кыргызстандагы элчиси ОшМУда иш сапары менен болду

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков университетте Индия мамлекетинин Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Джаянт Кхобрагаде мырза менен жолугушуп, бир катар эки мамлекеттин билим берүү тармактары, билим берүү системалары, келечекте эки өлкөнүн бул багыттагы байланыштары жөнүндө сөз кылышты.

Алгач ректор К.Исаков Джаянт Кхобрагаде мырзаны ОшМУнун 75 жылга чукул тарыхы камтылган музейи, автоматташытырылган электрондук башкаруу системасы, кабыл алуу процессиндеги ачык-айкындыкты камсыз кылуучу программалардын иштөө тартиби, окуу корпустары, жакында түзүлүүчү “Кыргыз-Индия IT технология борборунун” орду менен тааныштырып чыкты.

Жолугушуу андан соң чоң актылар залында улантылып анда Индия элчиси окутуучулар, студенттер менен жолугушугушуп, “Байыркы жана бүгүнкү Индия” деген темада презентация жасады. Кызыктуу презентациядан кийин окутуучулар, студенттер менен интелектуалдык маанайда пикир алышты. Жолугушуунун алкагында Орус филологиясы факультетинде иш жүргүзүп келе жаткан “Кыргыз-Индия” борборун өркүндөтүү боюнча сүйлөшүүлөр болду. Жолугушуу иштиктүү жана жемиштүү жыйынтыкталды.

Эске сала кетсек, буга чейин “Кыргыз-Индия IT технология борборунун” ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, натыйжада Кыргыз-Индия өкмөт аралык келишимге ылайык ОшМУга Индия өкмөтү 1 млн доллар грант бөлүү боюнча келишимге кол коюлган. Бүгүнкү күндө ОшМУда Индия мамлекетинен келген 300 гө жакын студенттер билим алып жатышат.


Фото: Р.Максытовдуку

6210 16:27 11-03-2014

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|