News

ОшМУда 8-февраль "Кайрымдуулук күнү" деп жарыяланды

Окуу жайда 8-февраль ОшМУнун окутуучусу, спорт чебери, жабык имаратта өткөн Азия оюндарынын чемпиону, Көчмөндөр оюнунун жеңүүчүсү, алыш жанан эркин күрөш боюнча чебер Мамарасул кызы Алтынайдын апасы үчүн "Кайрымдуулук күнү" деп жарыяланды.

"Апамдын боорун алмаштыруу зарыл. Ал үчүн өзүм донор болууну чечтим. Мен күрөш менен коштошпойм, машыктыруучу болуп спорттук жолду улантам" - деп билдирди Алтынай.

Спортчунун апасын Индия өлкөсүндө дарылоо үчүн 35000 АКШ доллары сарпталары маалым болду.

Кайрымдуулук акциясы 8-февраль саат 10:00дөн 15:00гө чейин окуу жайдын башкы имаратында жана бардык факультеттеринде уланат.

725 23:55 07-02-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|