News

Исмаилов Шамши Исмаилович (Некролог)

(18.12.1935 – 05.02.2021)

Ош мамлекеттик университетинин Физика-техника факультетинин жалпы физика жана физиканы окутуунун усулу кафедрасында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген, соңку мезгилде ардактуу эс алууда болгон профессор Исмаилов Шамши Исмаилович 5-февраль күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Исмаилов Шамши Исмаилович 1935-жылы 18-декабрь күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кочкор айылында туулган.

1957-59-окуу жылдарында Кара-Кочкор айылындагы орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Кара-Кочкор айылында Шамши Исмаилов биринчи болуп жогорку билимге ээ болгон жана ушул мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан өзүнүн мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген алгачкы кадр болуп эсептелет. 1959-62-жылдарында Кара-Кулжа райком комсомолдун биринчи секретары жана Ош обком комсомолдун секретары болуп иштеген. Ушул жылдарда райондук жана облустук жаштар уюмдарынын демилгеси менен райондук жана областык жетекчилердин колдоосунун натыйжасында жалпы жаштарга карата үндөө кабыл алынып, Кара-Кулжа –Алайкуу шоссе жол курулушун баштап, аны уюштурууда жана курулуш иштерин жүргүзүүдө өзгөчө айырмаланып, жаштарды алга жетектеген.

Ал 1979-жылы Рига шаарында Латвиянын Илимдер Академиясынын физика институтунда катуу телолордун радиациялык физикасы боюнча “Ар түрдүү катиондук кошулмалары болгон щелочтук–галоиддик кристаллдардагы радиациялык микродефекттердин термикалык ажыроо механизмин комплекстүү изилдөө” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

1962-жылдан тартып Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда, кийин Ош мамлекеттик университетинде окуу бөлүмүнүн башчысы, окутуучу, ага окутуучу, доцент, физика-математика факультетинин деканы, жалпы физика кафедрасынын башчысы, ушул кафедранын профессору болуп эмгектенген.

Шамши Исмаилов Бишкек, Иркутск, Рига, Кишинев, Свердловск, Томск, Тбилиси, Львов, Тарту, Таллин, Киев, Ленинград, Москва, Ташкент, Кара-Кол, Ош шаарларында өткөрүлгөн түрдүү деңгээлдеги илимий жана илимий практикалык конференцияларга активдүү катышкан жана анын көптөгөн илимий жана илимий-методикалык эмгектери жарыяланган.

Кара-Кулжа райондук кеңешинин 1999-жылдын 22-декабрындагы чечиминин негизинде Кара-Кочкор айылындагы орто мектепке Шамши Исмаиловдун ысымы ыйгарылган.

Шамши Исмаилов агай “1941-45-жылдары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы кайраттуу эмгек кылгандыгы үчүн" медалы, “Кыргыз Республикасынын Элге билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси, “Эмгек ветераны” медалы, “Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 50 жыл” юбилейлик медалы, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери” ардактуу наамы, КРнын “Ардак грамотасы”, КРнын Билим боюнча “Кыргызпатент” агентствосунун күбөлүгү, КРнын Билим берүү жана илим министрилигинин, БК ВЛКСМ жана Кыргызстан БК ЛКСМинин Ош областтык жана Ош шаардык акимиаттарынын, ОшМУнун Ардак грамоталары менен сыйланган, 2000-жылдын 25-декабрында “КРнын алдында өзгөчө эмгек сиңиргени пенсионери” деген ардактуу макам берилген.

Устат агайыбыздын жаркын элеси аны менен бирге иштеген кесиптештеринин, окуткан студенттеринин, окуучулардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Шамши Исмаилов агайдын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

ОшМУнун ректораты, Кесиптик кошуну, профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер

778 21:59 05-02-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|