News

ОшМУнун окутуучулук курамы стол тенниси боюнча республикалык чемпионата байгелүү орунду ээлешти

29-31-январь күндөрү Бишкек шаарында болуп өткөн стол тенниси боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында ОшМУнун окутуучулары 3-орунду багындырышты.



Чемпионатка биздин университетибизден Айжан Эрмекбаева жана Жусубалиев Замир (БиМ), Альбина Маматова (ИПК), Зарылбек уулу Нурсултан (ТТГФ) аттуу мугалимдерибиз катышты. Командалык эсепте 3-орунду багындырышты



Чемпионаттын жыйынтыгында ОшМУнун стол тенниси боюнча командасынын капитаны Зарылбек уулу Нурсултан КРдин Улуттук курама командасына кабыл алынды.



Окутуучуларыбызды куттуктайбыз!

714 10:22 04-02-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|