News

Дистанттык билим берүүнүн учурдагы маселелери талкууланды

Ош мамлекеттик университетинде 30-январда сырттан жана дистанттык окуу бөлүмү тарабынан уюштурулган “Дистанттык билим берүүнүн учурдагы маселелери” аттуу семинар уюштурулду.

Семинарда аралыктан окутуу боюнча баяндамалар жасалып, жаңы тажрыйбалар презентацияланды.

Суроо-жооптор орун алып, сунуштар үчүн атайын анкетирлөө жүргүзүлдү. “Семинарды уюштуруудагы негизги максат дистанттык билим берүүнүн учурдагы абалына баа берүү менен анын сапатын көтөрүү болуп саналат”,- деди ОшМУнун сырттан жана дистанттык билим берүү боюнча проректору Таасилкан Жумабаева.

Учурда ОшМУда 10 000 ге чукул студент дистанттык билим берүүдө билим алышууда. Ал студенттердин басымдуу бөлүгү педагогикалык адистиктерде билим алгандар.

776 11:01 01-02-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|