News

ЖОЖ+ӨНДҮРҮШ+СТУДЕНТ конференциясы өттү

Санариптик технологиялар аркылуу өндүрүштүк практикаларды уюштурууда ЖОЖ+ӨНДҮРҮШ+СТУДЕНТ конференциясы өттү.

Конференцияда санариптик технологияларды студенттердин өндүрүштүк практикасында колдонуу боюнча презентациялар жасалып, талкуу орун алды.

28-январда өткөн иш-чарага графикке ылайык ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика, юридика факультетинин окутуучулары, иш берүүчүлөр катышышты.

2019-2020-окуу жылынын март айында мерчемделген өндүрүштүк практика пандемияга байланыштуу санариптик технологияларды колдонуу менен аралыктан уюштурулган.

Мында 10миңге чукул студент аралыктан өндүрүштүк практикасын өткөрүшкөн.

Учурда ОшМУнун 470 мекеме ишканалар менен өндүрүштүк практикаларды өткөрүү боюнча келишими бар.

768 14:22 29-01-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|