News

Табият таануу жана география факультетинде эл аралык масштабда онлайн семинар болуп өттү

2021-жылдын 26-27-январь күндөрү Ерамус+ программасынын “Борбордук Азияда курчап турган чөйрөнү коргоо: мейкиндик усулдарынын жардамы менен табигый кырсыктардын тобокелчиликтерин башкаруу” (EPCA) аттуу эл аралык долбоордун алкагында (координатор Низамиев А.Г.) ОшМУ менен Арабаев атындагы КМУнун уюштуруусунда онлайн семинар болуп өттү.

Анда Али Мансурян, Петтер Пилешё, (Лунд университети, Швеция), Еймунтас Парселюнас (Вильнюс мамлекттик техникалык университети, Литва), Элени Томай (Афины улуттук техникалык университети, Греция), Хорхе Густаво Роча (Mиньхо университети, Португалия), Музаффар Матчанов (Ургенч мамлекетик университети, Өзбекстан), Гулшаан Ергешова (ОшМУ, аспирант) доклад жасашты. Табият таануу жана география факультетинин окутуучулары жана студенттери активдүү катышты.

860 15:24 28-01-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|