News

ОшМУнун Киноакадемиясынын студенттери ОУДТда "Өлүп тирилгендер" драмасын тартуулады

С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында ОшМУнун Киноакадемиясынын студенттери Ж.Садыковдун "Өлүп тирилгендер" драмасын коюшту.

Спектаклдин режиссеру, Кыргыз-Түрк факультетинин Киноакадемиясынын окутуучусу, ОУДТнын актеру Кутман Шаршентегинге университет тарабынан колдоо иретинде бир айлык өлчүмүндө сыйлык акча тапшырылды.

Режиссердун айтуусу боюнча бул спектакль "Жаңы ысымдар" аттуу республикалык студенттер аралык фестивалга катышуу максатында коюлду.

Киноакадемиянын студенттери жыл сайын Бишкек шаарында өткөн студерттердин "Жаңы ысымдар" аттуу фестивалында "Эң мыкты дебют", "Эң мыкты актриса" сыйлыктарына га ээ болуп келишет. Быйылкы жылы бул фестиваль пандемия шартын эске алуу менен онлайн уюштурулат.

908 23:00 21-12-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|