News

ОшМУнун “Үмүт ТВ” командасы кичи футбол боюнча ММКлар ортосунда I орунду ээледи

Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан 19-20-декабрь күндөрү Радио, телевидение жана маданият кызматкерлеринин майрамына карата уюштурган эркектер арасында өткөрүлгөн кичи футбол боюнча мелдешинде ОшМУнун “Үмүт ТВ” командасы I орунду багындырды. Ошондой эле волейбол оюну боюнча мелдеште ОшМУнун “Маалымат борбору” командасы III орунду ээлешти.

Мелдешке Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн 10 команда катышышты. Мелдештин уюштуруучулары тарабынан ОшМУнун командасы кубок, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Жениш менен келген команданы бүгүн, 21-декабрда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков куттуктап, дайыма университеттин желегин бийик желбиретип, окуу жайдын маалыматтарын чыгармачылык менен чыгылдыра беришине тилектештигин билдирип, ийгилик каалады.

1007 15:24 21-12-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|