News

Бизнес жана менеджмент факультетинин деканы болуп э.и.к., доцент Тимур Исраилов шайланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы №346 Токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын факультети жөнүндөгү Жобого» жана 2006-жылдын 27-февралындагы ОшМУнун Окумуштуулар кенеңишин №5 чечиминин негизинде 2006-жылдын 3-мартында ОшМУнун ректорунун №68 буйругу менен бекитилген «Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо» деген Жобого ылайык, Бизнес жана менеджмент факультетинин профессордук-окутуучулук курамынын 2020-жылдын 12-декабрындагы конкурстук шайлоонун жыйынтыгынын негизинде аталган факультеттин декандык кызмат ордуна талапкер экономика илимдеринин кандидаты, доцент Тимур Исраилов декан болуп шайланды.

Окуу жайдын жалпы жамаатынын атынан э.и.к., доцент Тимур Исраиловго ийгиликтерди каалайбыз.

1051 10:30 21-12-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|