Ал система университетте эмгектенген ар бир кызматкер тууралуу маалыматты AVN системасынан түз алып иштөөгө жана жыйынтыгын 1С бухгалтерия системасына экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.
Бүгүн, 14-декабрда университетте жыйын уюштурулуп, онлайн табель боюнча тиешелүү структураларга маалыматтар берилди. Декабрь айында пилоттук негизде университеттин 4 структурасы онлайн табель менен иштешет. Ал эми февраль айынан университеттин бардык структуралары пайдалана башташат.