News

ОшМУда “Практиканттын мыкты онлайн сабагы” конкурсу жүрүп жатат

Конкурс жобого ылайык 3 этаптан турат. 1-этапта 15-декабрга чейин факультеттин 4-курстарынын ичинде мыкты сабактар тандалат. 2-этапта 20-декабрга чейин мыкты деп тандалып алынган сабактар компакт-дискке жазылып, факультеттин усулдук кеңешинин сунуштамасы менен конкурсту баалоо комиссиясына тапшырылат. 3-этапта 25-декабрга чейин баалоо комиссиясы жыйынтык чыгарат.

Конкурстун жыйынтыгында мыктылардан тандалып чыккан 1-орунга 15000 сом, 2-орунга 10000 сом, 3-орунга 5000 сом акчалай сыйлыктар, дипломдор ыйгарылат. Ошондой эле кызыктыруучу сыйлыктары да каралган.

Конкурс азыркы мезгилдеги дистанттык технология менен сабак өтүүнүн жана бул багыттагы студенттердин алдыңкы тажрыйбаларын формаларынын бири катары эсептелинет. Ошондой эле болочок мугалимдердин кесипке болгон мотивациясын, алардын информациялык-коммуникациялык компетенцияларын өнүктүрүүгө жана мыкты онлайн сабактардын банкын түзүүгө багытталат дейт уюштуруучулар.

Конкурстун уюштуруучусу –Ош мамлекеттик университетинин практика бөлүмү.

976 00:21 10-12-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|