News

Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын Кыргызстандагы азыркы учурдагы абалы жана келечеги талкууланды

Ош мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын Кыргызстандагы азыркы учурдагы абалы жана келечеги” аталышындагы тегерек стол болуп өттү.

Тегерек стол онлайн жана түз баарлашуу менен Физика-техника факультетинин энергетика кафедрасы тарабынан уюштурулду. Жыйынга Кыргызстандын түштүгүндөгү бул багыттагы алдынкы окумуштуулар, электроэнергетика жана электротехника багытындагы магистранттар, илимге кызыккан электр менен камсыздоо адистигинин күндүзгү жана дистанттык бөлүмдө окуган студенттер катышты. Тегерек столго конок катары ОшМУ менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети тарабынан уюштурулган Д 05.19.590 – диссертациялык кеңешинин төрагасы, техника илимдеринин доктору, профессор Алайбек Обозов конок катары катышып суроо-жоортор менен коштолду. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

956 15:23 09-12-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|