News

ОшМУда ветеринардык хирургия предмети боюнча алгачкы жолу итке кастрация жасалды

Ош мамлекеттик университетинин табият таануу жана география факультетинде ветеринардык хирургия предмети боюнча алгачкы жолу итке кастрация жасалды.

Айыл чарба кафедрасында уюштурулган иш чара а.ч.и.д., профессор Абдыгани Абдурасулов тарабынан уюштурулду. Иш чарага өзүнүн жеке ветеринардык клиникасы бар ветеринар врач катышты. Ал кафедранын жаш окутуучусу Пиримкул Маматкалыковго жасалуу жолун көрсөтүп берди.

Кастрация жасоо операциясына кафедранын окутуучулары, студенттер, чакыртылган врачтар катышышты.

“Бул операцияны жаш окутуучуларыбызга үйрөтүү, ошондой эле азыркы аралыктан окутууда онлайн лабораториялык сабактарды көбөйтүү негизги максаттарыбыздан. Мындан ары да предметке ылайык түрдүү операциялар кафедрада болуп, алар тасмага түшүрүлүп турушун колго алабыз”, -деди кафедра башчысы Рахима Муратова.

1165 19:36 20-11-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|