News

ОшМУ илимий иштердин аткарылышы жана жетишкендиги боюнча ЖОЖдор арасында 1-орунду ээледи

Сыйлык 10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк Илим күнүнө карата 12-ноябрда Билим берүү жана илим министрлиги «Сейтек» Балдар жана өспүрүмдөр борборунда өткөргөн салтанаттуу иш-чара тапшырылды.

Салтанаттуу жыйынга Вице-премьер-министр Э.Ж. Сурабалдиева, Билим берүү жана илим министри А.Б. Бейшеналиев, мамлекеттик органдардын жетекчилери, жогорку окуу жайларынын ректорлору, илимий-изилдөө мекемелеринин директорлору жана белгилүү окумуштуулар катышышты.

Жыйын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти тарабынан уюштурулду. Жыйын Кыргызстандагы илимдин өнүгүүсү тууралуу документалдык фильм менен башталды. Ошондой эле А. Бейшеналиев ата мекендик илимдин учурдагы жана келечектеги абалы тууралуу чакан презентация жасады. Иш-чарада билим берүү министри илимпоздорду майрамы менен куттуктап, кыргыз илимине зор салым кошкон окумуштууларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыктары, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгилери, Ардак Грамоталары жана башка сыйлыктар тапшырылды.

Билим берүү жана илим министрлиги быйыл жогорку окуу жайлардын, илимий-изилдөө органдарынын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы боюнча ЖОЖдор жана илимий-изилдөө борборлору атайын сыйлыктарга татыды.

Жогорку окуу жайлардан:

I даражадагы диплом менен Ош мамлекеттик университети;

II даражадагы диплом менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;

III даражадагы диплом менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети сыйланган.

1134 09:52 16-11-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|