News

A new composition of the Academic Council is being formed in Osh State University.

Ош мамлекеттик университетинин аракеттеги Окумуштуулар кеңешинин ыйгарым укуктуу мөөнөтү аяктап бараткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы №346 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын окумуштуулар кеңеши жөнүндөгү” жобосунун 4-пунктуна, ОшМУнун уставынын 9.17. жана 9.19.-пункттарына ылайык кезектеги 2020-2021, 2021-2022-окуу жылдары үчүн Окумуштуулар кеңешинин жаңы курамы бекитилгени турат. Бул маалымат жалпы структура жетекчилерине жана жамаатка маалымат берүү максатын көздөйт.

“Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Окумуштуулар кеңеши жөнүндөгү” жобосунун 4-пункту: “Окумуштуулар кеңеши төмөндөгүдөй курамда түзүлөт: - ректор (кеңештин төрагасы), проректорлор, окуу бөлүмүнүн начальниги, факультеттердин декандары, кесип берүүчү кафедралардын башчылары, башка илимий-педагогикалык бөлүмдөрдүн, кесипчилер кошуунунун жана студенттердин коомдук уюмдарынын жетекчилери (бул контингент Окумуштуулар кеңешинин жалпы санынын 50%ынан ашпоосу зарыл)”. Бул пунктта Окумуштуулар кеңешинин курамына кирүүчү жетекчилер негизинен так көрсөтүлгөн, жобонун талабына ылайык тизме түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Окумуштуулар кеңеши жөнүндөгү” жобосунун 4-пунктунда көрсөтүлгөн: “Факультеттердин жана башка окуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү, тийиштүү түзүмдөрдүн кеңештери тарабынан белгиленген тартипте тандалып алынган көрүнүктүү окумуштуулар, профессорлор жана доценттер” талапка ылайык ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин курамын профессордук-окутуучулук курамдын өкүлдөрү менен толуктоо үчүн факультеттерге жана окуу структуралык бөлүмдөргө төмөндөгүдөй санда орун берилет жана бул факультеттерде жана окуу структуралык бөлүмдөрдө, кеңештерде 2020-жылдын 7-сентябрь күнү жашыруун добуш берүү жолу менен (пандемия шартында аралыкты сактоо ж.б. эске алуу менен) шайлоолорду уюштуруп өткөрүү милдети окуу жайдын профсоюз уюмдарына жүктөлөт. Эскертүү: бул топко кызматтык орунду ээлеп тургандар (кафедра башчылар, декандын орун басарлары ж.б.) тандала албайт (киргизилбейт) жана жаңы адамдарга мүмкүнчүлүк берүү сунушталат

“Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Окумуштуулар кеңеши жөнүндөгү” жобосунун 4-пунктунда көрсөтүлгөн: “Окумуштуулар кеңешинин курамына илимий жана изилдөөчүлүк мекемелердин жетекчилери, адистерди даярдоо профили боюнча, бул окуу жайында иштебеген ири окумуштуулар, искусствонун жана маданияттын ишмерлери киргизилиши ыктымал”. Бул пунктка ылайык коомчулук Окумуштуулар кеңешине алдынкы илимпоздорду, маданият кызматкерлерин сунуштай алат.

1576 21:26 30-08-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|