News

“Кыргыз Республикасында окумуштуулук даражаларды жана наамдарды изденүүчүлөргө коюлган жаңы талаптар жөнүндө” деген темадагы онлайн-семинар өткөрүлдү

2020-жылдын 26-майында илим жумалыктарынын алкагында Илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан “Кыргыз Республикасында окумуштуулук даражаларды жана наамдарды изденүүчүлөргө коюлган жаңы талаптар

жөнүндө” деген темадагы онлайн-семинар өткөрүлдү.

Вебинарда Илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы доцет Г.М. Анарбаева окумуштуулук даражаларды жана наамдарды изденүүчүлөргө коюлган жаңы талаптар, Жогорку аттестациялык коммиссиянын айрым нормативдик актыларындагы өзгөрүүлөр жөнүндө кеңири баяндама жасады. Баяндама б үткөндөн кийин катышуучулар суроолоруна толук жоопторду алышты.

Иш-чарага ОшМУнун жана башка окуу жайлардын окумуштуулары, аспиранттары, жаш окутуучулары катышышты.

Белгилей кетсек, апрель айынан баштап университетте бардык факультеттерде, коллеждерде илим жумалыктарынын алкагында “Санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү жана балдарды колдоо жылына”, ОшМУнун 80 жылдык мааракесине карата онлайн илимий вебинарлар, эл аралык конференциялар, түрдүү илимий конкурстар ж.б. илимий багыттагы иш-аракеттер үзгүлтүксүз, активдүү өткөрүлүүдө.

Илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан окумуштуулар, аспиранттар үчүн онлайн илимий семинарлардын цикли системалуу өтүлүүдө.

1570 16:07 01-06-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|