News

ОшМУ бүгүн 80 жылдык мааракеси онлайн түрүндө белгилейт

Учурдагы кырдаалга байланыштуу 80 жылдык бай тарыхка жана тажрыйбага ээ “Данк” ордендүү Ош мамлекеттик университети өзүнүн мааракесин бүгүн онлайн белгилеп жатат.

Мындай чечим университеттин ректорунун демилгеси жана жамааттын колдоосу менен кабыл алынган.

Иш-чараны окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков алып барат. Ага Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана ОшМУнун профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер аралыктан катышат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Түштүк Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун кыргыз-орус факультетин ачуу жөнүндөгү келишимге онлайн түрүндө кол коюлат.

ОшМУнун 80 жылдык маарекесинин негизги иш-чараларынын бири “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү шарттарындагы билим берүүнүн жана илимдин актуалдуу маселелери” эл аралык илимий-практикалык конференциясы онлайн өтөт.

Майрамдык иш-чара онлайн концерт менен жыйынтыкталат.

Иш-чарага катышууну каалагандар http://80.oshsu.kg шилтемеси аркылуу катталса болот.

1708 07:33 28-05-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|