News

ИТАС кафедрасынын жамааты иш берүүчүлөр менен жолугушту

ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетиндеги (МИТФ) информациялык технологиялар жана автоматташтырылган системалар (ИТАС) кафедрасынын профессордук-окутуучу курамы «Иш берүүчү-2020» аталышындагы иш-чаранын алкагында жумуш берүүчүлөр менен онлайн түрүндө жолугушуу өткөрдү.

Көз карандысыз аккредатациялык коммисиянын талабына ылайык, төмөнкүдөй маселелер күн тартибине коюлуп, талкууланды:

- окуу программаларын талкуулоо;

- күтүлүүчү натыйжалар;

- жумуш берүүчүлөрдүн суроо- талаптарын угуу.

Жолугушуунун расмий бөлүгүн факульттетин деканы ф.-м. и. к, доцент, У.Сопуев онлайн формада ачып, жаштардын келечегине кайдыгер карабай, катышып жаткан жумуш берүүчүлөргө ыраазычылык билдирди. «Окуу жай замандын агымы менен жаш адистерди даярдап, өлкөнүн социалдык-экономикасынын жана коомдун өнүгүүсүнө салым кошуп келет. Биздин бүтүрүүчүлөр өлкөнүн бардык аймактарында жана дүйнөнүн туш тарабында алган билиминин негизинде эмгектенишүүдө. Кесипкөй адистерди даярдоо максатында окуу жайда материалдык-техникалык база чыңдалып, шарттар түзүлгөн», - деди декан У.Сопуев.

Жолугушуунун калган бөлүгү ИТАС кафедрасынын башчысынын м.а. ф.-м. и. к, доцент У.Д.Молдояровдун “Кафедранын ишмердүүлүгү жана НББПны өнүктүрүү планы” деген темадагы презентациясы менен уланып, сунуштар, ой пикирлер, талкуулар жана эркин баарлашуу менен уланды.

Бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыздоо жана НББП сапатын жакшыртуу максатында ар жылы иш берүүчүлөр менен жолугушуу уюштурулат. Жолугушууда иш берүүчүлөрдүн ой-пикирин угуп, адистерге коюлган талаптар эске алынат.

1648 04:21 12-05-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|