News

Орус филологиясы факультети профессор Дүйшөн Шаматовдун катышуусунда онлайн семинар уюштурду

Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультети тарабынан 26-апрелде Назарбаев университетинин профессору, ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Дүйшөн Шаматовдун катышуусунда “Илимий эмгектерди Scopus, Web of Science системаларына жарыкка чыгаруу” деген темада онлайн семинар уюштурулду.

Илимий жумалыктардын алкагында өтүп жаткан онлайн семинар факультеттин деканынын орун басары Назира Усенова тарабынан уюштурулуп, ф.и.д., профессор Венера Сабирова онлайн семинарда спикерлик кылды.

Онлайн семинар белгилүү илимий журналдар тууралуу маалымат алуу, илимий эмгектерди Scopus, Web of Science системаларына жарыкка чыгаруудагы акыркы талаптар менен таанышуу максатында ZOOM платформасы аркылуу өтүп, жалпысынан 96 угуучу катышты.

Профессор Дүйшөн Шаматовдун 40 тан ашуун илимий макалалары белгилүү эл аралык илимий журналдарда жарыкка чыккан.

“Илимий публикация университеттерде иштеген ар бир окутуучу үчүн абдан маанилүү-өзгөчө престиждүү илимий журналдарга макала жазып чыгарсак, биз дагы жаны ыр жазган акынга окшоп, медаль уткан спортсменге окшоп, балык кармаган балыкчыга окшоп, же мээнети кайтып күзүндө түшүм жыйнаган дыйканга окшоп кудундап сүйүнөбүз. Ошого илимий изилдөө жана илимий публикация жаратуу кандай түйшүктүү экенин, ийне менен кудук казгандай кылдаттык жана эринбей бардык күч-аракет менен гана болорун эске салалы. Бүгүнкү онлайн семинар илимий публикация чыгаруу үчүн кантип изилдөө усулдарын мыкты өздөштүрүү керек экени жөнүндө болду. Күчтүү изилдөө болбосо, күчтүү публикация болбойт”-, дейт профессор Д.Шаматов.

Белгилей кетсек, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков тарабынан ушул жума университетте “Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгы” деп жарыяланган.

1956 12:35 27-04-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|