News

ОшМУда “Эл дөөлөтү – эне тил” аттуу фестивал-сынактын гала концерти өттү

Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Ош шаардык мэриясы, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош бөлүмү, Ош мамлекеттик университети биргеликте өткөргөн 2020-жыл “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына» жана ОшМУнун 80 жылдык мааракесине карата уюштурулган “Эл дөөлөтү – эне тил” аттуу фестивал-сынактын гала концерти уюштурулду.

Аталган гала концент 21-февраль күнү Ош шаарындагы Бабур атындагы театрында уюштурулду.

Саамалыкка Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы Балтагул Нурумбетов, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, университеттин жамааты, студенттер катышышты.

Фестивалда ОшМУнун бардык факультет, колледждеринде уюштурулган бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө арналган кечелерден тандалып алынган эң мыкты делген ар улуттун маданиятын чагылдырган ыр, бийлери тартууланды. Ошондой эле кыргыздын көөнөрбөс мурасы болгон, улуттук ыр, бийлери жаңырып, макал айтышуу, айтыш өнөрлөрү да көрүүчүлөрдүн алкышына арзыды. Өзгөчө университетте билим алып жаткан башка улуттардын өкүлдөрү жогорку активдүүлүгүн көрсөтүштү.

Жыйынтыгында эң мыты аткаруучулар, катышуучулар Ош шаардык мэриясынын, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн, Ош мамлекеттик университетинин дипломдору, акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан атайын көргөзмө уюштурулду.

1850 03:32 24-02-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|