News

ОшМУда бириккен профсоюз комитетинин ХХХIV отчёттук-шайлоо конференциясы өтүп, төрага шайланды

ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин ХХХIV отчёттук-шайлоо конференциясы 20-февралда уюштурулду. Аталган конференцияга университеттин факультет, колледждеринен, стурктураларынан атайын шайланган 224 делегат катышышты.

ХХХIV отчёттук-шайлоо конференциясында ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы Абдижапар Аккуловдун 2014-2019-жылдар аралыгында профсоюз уюмунун жүргүзгөн иштери боюнча доклады угулду.

Конференциянын жүрүшүндө ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагалыгына шайлоо өттү. Шайлоого 5 талапкер катышып, жыйынтыгында 2-турдун жыйынтыгы менен көпчүлүк добушка ээ болгон факультеттер аралык дене тарбия №2 кафедрасынын башчысы Абсамат Саттаров ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы болуп шайланды.

Ош мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитети – студенттердин, профессордук окутуучулар жамаатынын, аспиранттардын, жумушчулардын курамынан турган областтагы эң ири массалык коомдук уюмдардын бири. Бириккен профсоюз комитетинин негизги милдети – окуу тарбиялык, маданий-массалык жана илим изилдөө иштеринин сапатын жогорулатуу, кызматкерлердин ден-соолугун чыңдоо, эс алуу жана жашоо шарттарын жакшыртуу болуп саналат. ОшМУнун бириккен профсоюз комитети -жаштар комитети, студенттик акыйкатчы, жатакананын студенттик сенаттарынын бир топ иш-чараларына, маданий көңүл ачуусуна жана спорттук таймаштарга материалдык колдоо көрсөтөт. Эң негизгиси студенттер, окутуучулар жана башка кызматкерлерди социалдык жактан колдоо менен бирге алардын укугун коргоп келет.

1838 03:04 24-02-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|