News

Быйылкы окуу жылында да «ОшМУнун мыкты лектору» жана «ОшМУнун мыкты окутуучусу» Дубайда эс алат

Ош мамлекеттик университетинде жыл сайын билим берүүнүн мазмунун жаңылоо боюнча педагогикалык кызматкерлердин чыгармачыл ишмердигин өнүктүрүүгө, чыгармачыл активдүүлүктү жогорулатууга, инновациялык иштелмелерди жана технологияларды колдоого, билим берүүчүлүк ишмердиктеги жетишкендиктерди стимулдаштырууга, коомдо билим берүүнүн приоритеттерин орнотууга багытталган сынактар уюштурулуп келет.

Быйылкы окуу жылында да «ОшМУнун мыкты лектору-2020», «ОшМУнун мыкты окутуучусу-2020», “ОшМУдагы дисциплинанын мыкты окуу-методикалык комплекси” конкурсунун Жобосун ректор К.Кожобеков колдоп, бекитип берди.

Конкурстар 3 этап менен кафедралык тур (февраль, 2020), факультеттик тур (март, 2020), университеттик тур (апрель-май, 2020) болуп уюштурулат. Конкурска катышкан катышуучулардын иши атайын түзүлгөн комиссиянын кароосунда болот.

Конкурстун жыйынтыгында жеңүүчү болгон «ОшМУнун мыкты лектору-2020», «ОшМУнун мыкты окутуучусу-2020» номинацияларынын ээлери баш байге Дубайга жолдонмо менен сыйланат. Активдүү катышкан окутуучулар сертификат, диплом, ОшМУнун ардак грамотасы, акчалай сыйлыктары менен сыйланышат.

Белгилей кетсек, 2019-жылы дүйнөлүк тилдер жана маданияты факультетинин америка жана котормо таануу кафедрасынын доценти Светлана Алымкулова «ОшМУнун мыкты лектору-2019», эл аралык медицина факультетинин клиникалык дисциплиналар-1 кафедрасынын окутуучусу Асанбек кызы Айпери «ОшМУнун мыкты окутуучусу-2019» сынагында жеңүүчү болуп, сертификат жана Дубайга жолдомо менен сыйланып, Дубайда эс алып келишкен.

Конкурстун Жоболору тиркелет:

2157 16:12 20-02-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|