News

ОшМУда КОШ ЖЕҢИШ!

Ошто 12 жаштагы Айжамалдын операциясы үчүн волейбол боюнча кайрымдуулук мелдеш өттү.

Аталган иш-чарага ар тармакта эмгектенген инсандар, расмий коноктор, волейбол сүйүүчүлөр катышты.

Турнирге өлкөнүн түштүк аймагындагы облустарынан 30га жакын команда катышып, жыйынтыгында 25 жаштан жогору курактагы кыз-келиндер арасында ОшМУнун "Биримдик" командасы 1-орунду, ал эми 40 жаштан жогорку курактагы кыз-келиндер арасында ОшМУнун "Флагман" командасы 3-орунду багынтты.

Өз сөзүндө Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева ар дайым активдүү катышып, колдоо көрсөткөн ОшМУнун жетекчилигене, командага ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, ОшМУнун 40 жаштан жогорку курактагы кыз-келиндер командасы буга чейин бир нече жолу чемпион аталышкан.

1921 01:56 17-02-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|