Кыргыз-Өзбек университетинде ЖОЖдор аралык спорттун волейбол түрү боюнча кыздар ортосунда студенттердин достук таймашы болуп өттү.
Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, турнирге Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жогорку окуу жайларынан 9 команда ат салышып, жыйынтыгында 3-орунду Жалал-Абад мамлекттик университети, 2-орунду Кыргыз-Өзбек универстетети, ал эми 1-орунду Ош мамлекеттик университети багынткан.
Биздин окуу жайдын намысын коргогон кыздар командабызга мындан ары да жеңиштерди каалайбыз!