News

“Билим кылым мурасы” көрсөтүүсүнүн чейрек финалынын жеңүүчүсүнө ОшМУ демөөрчүлүк кылды

ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын “Илим-Билим” каналында уюштурулган “Билим кылым мурасы” көрсөтүүсүнүн чейрек финалына Ош мамлекеттик университети демөөрчүлүк кылды.

“Илим-Билим” каналынын редактору Зиягул Камалованын билдирүүсүндө аталган көрсөтүү ар жума уюштурулуп турат. Буга чейин Баткен облусунун райондорунун 11-класстарынын арасында уюштурулуп, мыктылар тандалып алынган, 4-февралдагы уюштурулган чейрек финалга Баткен облусунун аймагындагы мектептердин ичинен тандалып алынган 5 окуучу катышышты.

Жыйынтыгында Баткен районундагы “Самаркандек” гимназия мектеп-интернатынын 11-классынын окуучусу Жоомарт Сарыкулов жеңүүчү деп табылып, финалдык оюнга жолдонмо алды.

Финалдык оюнга жолдонмо алган Жоомарт Сарыкуловду ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков куттуктап, уюлдук телефон, акын, драматург, котормочу, Эгемберди Эрматовдун 7 томдугун жана ЖРТга даярдоо китептеринин топтомун белек кылды. Ошондой эле көрсөтүүгө катышкан бардык катышуучуларга ОшМУ тууралуу маалыматтарды, кызыктыруучу сыйлыктарын тапшырды.

2261 10:33 05-02-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|